Таласта айымдар үчүн «Эне жүрөгү – ыйман үрөнү» аттуу иш-чара өтүп, ага Азирети Муфтийдин орун басары катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин демилгеси менен Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдардын музыкалык окуу жайында аялзатына арналган «Эне жүрөгү ыйман үрөнү» аттуу иш-чара уюштурулду. Саамалыкка Азирети Муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстан Ислам университетин ага окутуучусу Кенжетай ажы Курманхожаев, «Расул Акрам» ислам институтунун проректору Тариэл ажы Абжалбеков, «Расул Акрам» ислам институтунун окутуучусу Белек ажы Турдалиев катышты.

Айымдар менен болгон жолугушууда Азирети Муфтийдин орун басары эне жана бала, аялдын милдеттери боюнча маалымат берди.

«Аялдар исламда эне, эже-карындаш, өмүрлүк жар жана кыз катары урматталат. Алар мурас алат жана өзүнөн мурас калтырат. Никеде ыраазычылыгы суралат. Алар дайыма эркек туугандарынын каржылоосунда болушат. Курандын ондон ашык сүрөлөрүндө жана көптөгөн хадистерде аялдарга тийиштүү өкүмдөр бар. Жадагалса алар жөнүндө “Ниса” (Аялдар) деп аталган сүрө да бар. Булардын баары ислам дининде аялзатына жана анын укугуна жогорку деңгээлде маани берилип, көңүл бурулгандыгынын ачык-айкын далили», деди Самидин кары Атабаев.

Ал эми жалпы катышуучулар үй-бүлө баалуулуктары жана ата-эненин милдеттери боюнча баяндамаларды жасашты.

Ушул эле иш-чара Талас шаарынын борбордук мечитинде уланып, анда акыйда жана мазхабдын маанилүүлүгү боюнча маалыматтар берилди.