Кара-Кулжа районунун борбордук мечитинде кышка даярдыктар кызуу жүрүүдө

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы борбордук «Азирети Билал» мечитинде кышка даярдык көрүү максатында мечитти тазалоо, эскилиги жеткен терезелерди алмаштыруу жана жылытуу иштери кызуу жүрүп жатат.

«Адам баласы ден соолук нематына кам көрүшү кажет. Кыш мезгилинде мечитке келген адамдарга суук тийип, сыркоолоп калбашы үчүн аракеттер көрүлүүдө«, – деди борбордук мечиттин имамы Абдулхаким Аскаров.

Белгилей кетсек, райондогу башка мечиттердин даярдыктары да кызуу жүрүп жатат.