Эрик Молдокулов Нарын шаарынын жана райондорунун баш имам-хатибдерине чогулуш өткөрүп, мечиттердин каттоосун ылдамдатууну тапшырды

Нарын облусунда баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүлүп, ага облус казысы Эрик Молдокулов баштаган казыят кызматкерлери, КР ДИМКнын Нарын облусундагы өкүлү Бегимай Бектурова жана  райондор жана шаардын баш имам-хатибдери катышты. Чогулушта жыл ичиндеги аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымат угулуп, мындан кийинки жасалуучу иштер тууралуу талкуу жүргүзүлдү.  Алгачкы сөз облустагы каттоодон өтө элек мечиттер тууралуу болуп, облус казысы мечиттердин каттоосун ылдамдатууну буйруду. Мындан сырткары  жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууну, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруу менен биргеликте нике кыюуда жаш жубайлардын өздүгүн тастыктоочу документтерин дыкаттык менен текшерүүнү талап кылды.

Ошону менен катар алдыдагы айда облус имамдарынын билим деңгээлин жогорулатуу максатында үч күндүк окуу курсун ар бир райондордун өзүндө өткөрүү боюнча сунуш айтылып, баш имам-хатибдердин колдоосуна алынды. Облус казысы Эрик Молдокулов жалпы баш имам-хатибдерге 2023-жылда аткарылуучу жарым жылдык иш пландарды тактап, кагаз жүзүндө тапшырууну талап кылды.

Маалымат иретинде айта кетсек, 2022-жылдын январь айынан ушул күнгө чейин 26 мечит каттоодон өтүп, 22 мечиттин документи каттоого даярдалууда. Ошондой эле Нарын облусу боюнча бардык мечиттердин кышка карата жылуулук маселеси толук чечилген.