Ош облусунун казысы “зордук-зомбулуктун алдын алуу” аттуу форумга катышты

Бүгүн, 30-ноябрь күнү Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде КР ИИМнин Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалы жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин юридика-бажы факультети менен бирге уюштурган “Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу” аталышындагы форум болуп өттү. Форумга Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, коопсуздукту сактоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча борборунун адистери катышты. Жыйында негизинен учурдагы зордук-зомбулуктардын түрлөрү жана фактылар боюнча сөз болуп, атайын адистер тарабынан маалыматтар берилди.

Зордук-зомбулукка ислам дининин көз карашы туурасында баяндама жасаган облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев төмөнкүлөргө токтолду:

“Ислам зомбулуктун бардык түрүнө, тактап айтканда физикалык, психологиялык, экономикалык жана сексуалдык зомбулукка тыюу салат жана аны чоң күнөөлөрдүн катарында эсептейт. Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине мүчө мамлекеттердин катарында өз жарандарынын укуктарын коргогон жана камсыз кылган укуктук мамлекет болуп эсептелет. Бүгүнкү бул форум жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу болуп, ибадат катарында сооптуу иш-чара болууда”.