Нарында айрым мечиттердин архитектуралык иштерин жыл соңуна чейин бүткөрүү макулдашылды

Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, КР  ДИМКнын Нарын облусундагы өкүлү Бегимай Бектурова жана облустун баш имам-хатибдери КР министирлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында болушту.

Жолугушууда каттоодон өтпөй жаткан мечиттердин документтерин архитектура боюнча башкармалыгынан тактоо, көп жылдан бери созулуп келе жаткан айрым диний объектилердин маселесин жеринде чечүү максат кылынды. Тийиштүү суроолорго жооп берген Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын орун басары Бегимай Ташмамбетова айрым райондордун архитектура башкармалыгынын жетекчилери менен байланышып, мечиттердин архитектуралык жактан кармалып жаткан иштерин тез арада мыйзам негизинде чечип берүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, облус казысы Эрик Молдокуловдун өтүнүчү менен бир нече мечиттердин архитектуралык иштерин жыл соңуна чейин биргеликте бүткөрүү макулдашылды.