Ош облусунун казысынын орун басары “Достук” мечитиндеги курулуш иштери менен таанышты

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов жана казыяттын бухгалтери Сулейман ажы Шерматов аймактагы диний объектилердин кышка даярдыгын текшерүү планынын алкагында Кара-Суу районунун Кыргыз-Өзбек «Достук» чек ара бекетинин жанында жайгашкан «Достук» мечитинде кошумча курулуп жаткан имарат менен таанышты. Аталган мечиттин имамы Мурадилла ажы Рамазанов курулуштун заманбап жабдуулар менен камсыздалып жаткандыгын белгилеп өттү.

“Курулуш абдан кооз жана жакшы бүткөрүлүп жатыптыр. Ушул бекеттен Өзбекстан тарапка өткөндөн кийин жол боюнда жолоочулар үчүн кооз мечит жайгашкан. Кудай буйруса, курулуп жаткан биздин мечитибиз андан кем калбаган, келген жолоочу жана конокторду суктандырган мечит болот деген ишеничтебиз”, – деди Алибек ажы Жусупов.