Кара-Кулжада дин таануу, адеп-ахлак, тарбия жана тазалык боюнча жыйын өткөрүлдү

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун райондук администрациясында “Дин таануу, адеп-ахлак, тарбия жана тазалык” жаатында жыйын болуп, ага Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары, айыл өкмөттөрдүн башчылары, мектептердин жетекчилери жана райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев катышты. Жыйында негизинен ислам дини, бала тарбиясы жана адептик принциптер туурасында сөз болду.

“Ислам – тынчтыктын дини. Канчалаган аят-хадистерде ислам тынчтыктын дини экендиги баяндалат. Ал эми мусулман деп ошол ислам динин тутунган кишиге айтылат. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) куттуу хадисинде: “Мусулман – башка мусулмандар анын тилинен жана колунан зыян тарпаган адам”, – деп айтат. Демек, мусулманчылык кимдир бирөөлөр жалаа жапкандай жардырып, тоноп, жанкечтик кылуу эмес!” – деди Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби.