Чоң-Алай районунда мечиттерди эсептик каттоосу боюнча жыйын болуп өттү

Ош облусунун Чоң-Алай районунун администарциясында эсептик каттоодон өтпөй турган мечиттер боюнча жыйын болду. Ага райондун баш имам-хатиби Алимбек Маматаминов, район акиминин орун басары, архитектура жетекчиси, ӨКМдин атайын адиси жана мечиттердин жооптуу адамдары катышты. Жыйындын жүрүшүндө эсептик каттоодон өтпөй турган мечиттердин негизги көйгөйлөрү каралып, адистер суроолорго жооп берди.

“Бир канча убакыттан бери мечиттердин каттоосу кечигип келет. Биз канча аракет кылбайлы, документ иштери биздин аракетибиз менен эле чечилбейт экен. Биз сиздер менен биргелешип, аталган мечиттерди кайрадан карап чыксак жакшы болмок. Себеби, үмүт менен курулуп жаткан мечиттердин иши токтоп турат. Ушул маселелерге жакшыраак көңүл бурсак”, – деди Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби.