Жалал-Абад облусунун казысы Сузактагы каттоодон өтө элек мечиттердин документ иштерин бүткөрүү талабын койду

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун жетекчилиги астында каттоодон өтө элек мечиттердин маселеси боюнча жыйын өттү. Ага Сузак районунун акиминин орун басары Гүлмира Камбарова, Сузак районунун баш имам-хатиби Ордобек ажы Оморбеков баштаган дин кызматкерлери, райондук архитектура өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Нематулла ажы Жээнбеков айрым айыл өкмөттөрдөгү көп сандагы каттоодон өтө элек мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүдөгү тоскоолдуктар боюнча маалымат алып, аларды тез арада каттоо тапшырмасын берди. Ошондой эле документи жок мечиттердин имамдары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана архитектура кызматы менен тыгыз кызматташып, кыска мөөнөттө эсептен өткөрүү ишин бүткөрүү керектигин белгилеп, аманат ишке кыянаттык кылбоо зарылдыгын кошумчалады.

Ал эми район акиминин орун басары Гүлмира Камбарова жогорудагы маселелердин чечилишине айыл өкмөт башчыларын көмөктөшүүгө чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад облустук казыятынын мечиттер бөлүмүнүн башчысы Арпидин Жороев мечиттерди каттоодон өткөрүүдөгү документ иштеринин жол-жобосун түшүндүрдү.

Эскерте кетсек, ушундай өңүттөгү жыйын облустун башка район-шаарларында да улантылмакчы.