Мусулмандын жашоосундагы ортолук, тең салмактуулук

Мусулмандын жашоосундагы ортолук, тең салмактуулук

Алла Таала инсанды бул жашоодо бийик максаттар үчүн жаратты. Жада калса асман менен жердин ортосундагы жаратылгандар бекеринен жаратылган эмес.  Алла Таала Куран каримде “Биз асмандар менен жерди жана ал экөөнүн ортосундагыларды жөн эле жаратканыыбыз жок. Каапырлар гана ушундай деп ойлошот. Ыймансыз каапырларга тозок азабы болсун. Биз ыйман келтиргендерди жана жакшылык иштерди кылгандарды жер үстүндө бузук иштерди кылгандар өңдүү же такыбааларды бузукулардай кылмак белек?!” (Сод,27,28).

Алла Тааланын инсанды жаратуудагы максаттары

1-Алла Таалага ибадат кылуу.

“Мен жин менен инсандарды өзүмө гана сыйыныш үчүн жараттым” (Зарият,56).

2-Жер бетинде орун басарлык. Алла Таала: “Ошондо Раббиң периштелерине: “Мен жер бетине орун басар жаратамын”,-деди (Бакара,30). “Ал силерди жер үстүнө орун басар кылган. Силерди берген нерселери менен сыноо үчүн даражаларда бириңерди бириңерден жогору көтөрдү”. (Аньаам,165).

3-Сыноо үчүн.

“Ал силердин кимиңер жакшы амалдарды жасаарыңарды сыноо үчүн өмүр менен өлүмдү жараткан”. (Мүлк,2).

4-Эсеп-кысап жана жаза.

“Асмандагылар да, жердегилер да бир гана Аллахка таандык. Алла жамандык кылгандарды жамандыгы менен жазалайт, жакшылык кылгандарды жакшылыгы менен сыйлайт”. (Нажм,31).

Эгер Алла Таала инсанды жогоруда айтылган максаттар үчүн жараткан болсо, демек ал ошол максаттарды орундатыш үчүн чечкиндүү, оор басырыктуу болуусу зарыл.

А: Мусулмандын денесине болгон мамилеси.

Мусулман ичкен, жеген тамак-ашында, келбетинде, тазалыгында жада калса спорт менен машыгууда ортолукту сактоосу керек. Мухаммад пайгамбарыбыз ага Алланын саламы жана салаваты болсун сахабаларын бардык  нерседе үлгү, өрнөк болууга үндөгөн.

Б: Акыл, аң-сезимди колдонуудагы мамилеси.

Мусулман илим алууга аракет кылып, дүйнөдөгү жаңы чыгып жаткан пайдалуу илимдерди үйрөнүп, жамандарынан алыс болуусу зарыл. Ошондой эле акылдын курчтугун жана жөндөмдүүлүгүн өз жеринде пайдалануу керек. Ибн Хазм: “Ким эр жүрөктүгү менен меңменсинип аны өз жеринде колдонбосо, анда ал билип койсун. Арстан андан да эр жүрөк. Жада калса жолборс, пил, карышкыр да тайманбас. Ким күчү менен меңменсинсе анда  ал билип койсун. Өгүз да  пил да анда күчтүүрөөк. Ким оор жүктү көтөрүү менен меңменсинсе билип алсын эшек андан да күчтүүрөөк. Ким тез жүгүрүүсү менен меңменсинсе, анда ал билсин коён андан да тезирээк жүгүрөт. Эч ким өзүнүн кооз үнү менен меңменсинбесин! Билсин кээ бир куштардын андан да кооз үнү бар. Ал эми кимдин илими көп, амалдары жакшы болуп өзүн тең салмактуулукта алып жүрсө анда ал өзүнө ибарат алсын. Аны бул жаатта кээ бир инсандар менен периштелер эле алдыга салбаса, эч ким анын алдына өтпөйт.

Ошондой эле акыл жааттан болгон тең салмактуулукту айта турган болсок. Адам баласы алдыда болгон мүдөө менен реалдуулукту тең салмакта сактоосу зарыл. Мүдөөсү менен алектенип реалдуулукту унутуп койбосун. Ошондой эле реалдуулук менен алектенип мүдөөсүн унутпасын.

Мүдөөнү ишке ашыра турган кадамдарга токтолсок.

1-Сен максатыңды так бил! Эгер мүдөөңдү билбесең анда ага жете албайсың.

2-Максатыңды кагаз бетине түшүр!

3-Аны ишке ашырууну башта арсарланба!

В: Мусулмандын руханиятына болгон мамилеси.

Мусулман руханиятын- ибадат, ыйман мажлистери, такыбалар менен бирге болуп, Куран окуп, эртең менен кечки зикирлерди аткарып жогорулатат.

Инсандын бактылуу болуп жашоодо ийгиликке жетүүсүнүн себеби – бул анын жүрөгүнүн жана руханиятынын таза болуусунда. Жүрөк менен руханиятынын таза болуусу менен тулку  бою таза болот. Эгер жүрөк таза болсо бүт дене таза болот.

Ошондой эле руханият жакты айтканыбызда, адамдын эмоцияналдык жагынын тең салмактуулугу маанилүү. Көңүл кумардын жана эмоциясына тез берилген адам жашоосунда бактылуу жана ийгиликке жетүүсү өтө сейрек.

Бир окуяны айта кетсек.  Кожоюн кызматчы аялга ачуусу келип “сен менин кулумсуң мен сенин кожоюнуңмун”- деп кыйкырат.

Анда кызматчы камарабастан- “ооба, мен сенин кулуңмун. Бирок сен менин кулумдун кулусуң”- дейт. Ого бетер кожоюндун ачуусу келип “кандайча”- деп кыйкырат. Кызматчы ага жылмайып “мен сениң кулуңмун, анткени сен мени сатып алдың. Бирок сен менин кулумдун кулусуң. Себеби сен эмоцияңа толук баш ийесиң. А мен болсо эмоциямды башкарамын. Ал менин кулум. А сен болсо эмоциянын кулусуң. Демек сен кулумдун кулусуң –деп жооп берет.

Ошондуктан мусулмандын бул жашоодогу урааны бардык иште тең салмактуулук жана ортолук болуусу зарыл. Алла Таала ислам үммөтүн орто үммөт деп сыпаттаган.

“Силер башка адамдарга күбө болууңар жана пайгамбар силерге күбө болуусу үчүн Биз силердди орточо үммөт кылдык”, (Бакара,143).

Алла Таала бизди орто үммөт болууга насиб этсин.

 

Макаланы даярдаган:

КМДБнын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бактияр ажы Токтогазы уулу