Аалымдар Кеңешинин төрагасы Аламүдүн районундагы «Silk Way» индустриалдык-логистикалык парктын курулушуна капсула коюу салтанатына катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов жана Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Silk Way» индустриалдык-логистикалык паркынын курулушу жүргүзүлүүчү жайга капсула коюу салтанатына катышты. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программасын аткаруу алкагында ишке ашырылуда.

«Silk Way» Индустриалдык паркы» ЖЧК башкы директору Адилет Кубанычбековдун айтымында парктын аймагында тигүү, текстилдик жана бут кийим продукциясын өндүрүү боюнча 112 профилдик фабриканын курулушу пландаштырылууда.

Долбоор ALPHA CARGO», «Opal Mining Co.Ltd», «YbHD Logistic Group» жана «Saphire Artstone Group» компаниялары тарабынан ишке ашырылууда. Курулуш иштери эки баскычта пландаштырылууда: 2019-жылдын биринчи кварталынын башында жана 2020-жылдын ортосунда. «SilkWay» паркынын аймагында аймагында 6 негизги сектор болот, анын ичинде:

-административдик-ишкердик курулуштар аймагы;

-бажы-логистикалык терминал;

-ири габариттүү транспортторду тейлөө;

-өнөр жай жана административдик-коммуналдык курулуш аймагы;

-парктык-рекреациялык аймак;

-инженердик-техникалык аймак.


ЭР АЗАМАТ-ЭЛ КАМЫН КӨРӨТ

Бир азаматтын эл-журт үчүн жасаган эмгегин көрүп, ичим жылыды. Отуз алты миң адамды иш орду менен камсыздоочу өндүрүш шаарчасын, тагыраагы, индустриалдык паркын курууга бел байлаган Адилет Кубанычбековичтин ишине күбө болдук. “Жаштык+боштук=күнөө” деген теореманы дайыма айтып жүрөм. Жаштардын жумушсуз калуусу кылмыштуулукка жол ачары белгилүү. Ушундай учурда миңдеген адамдарды иш орду менен камсыз кылуу чоң жетишкендик. Мамлекетти карап, тиленип отура бербей, изденип, эмгектенип, өзү эле эмес, элин кошо баккан азаматтардын чыкканы эл үчүн кут, береке. Адилеттин көз кубанткан бул ишине ийгилик каалайм. Баштаган ишин улантып, акырына чыгаруусуна тилектешмин. Мындан башка дагы эл-жери үчүн пайдалуу иштерди аткара берүүсүнө тилектештигимди билдирип, өзүнө чың ден-соолук, бекем эрк, ишине ийгилик каалайм,-дейт АКнын төрагасы Абдишүкүр Нарматов.

Ал эми Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов «Silk Way» индустриалдык-логистикалык паркынын курулушу жана көркөм мечиттин бар болусу көнүлдү жубатаар изги ийгилик экендигин баса белгиледи.

Дээрлик отуз алты миңден ашуун үй-бүлөнү жумуш менен камсыздоо, мамлекеттик казынага күмтөр төлөгөн салыктан жогору суммада салык төлөө, заманбап жабдуулар менен камсыздаган өндүрүш шаарчасы, элибиздин жана мамлекеттин келечегине чоң камкордук, андан сырткары руханий ааламга эшик болгон көркөм мечиттин бар болусу көнүлдү жубатаар изги ийгилик. Кудай Таалам ушул ишке колдоо көрсөткөн ажобузга, өкмөтүбүзгө жана индустриалык парктын директору Адилет Кубанычбековичке оомат, эки дүйнөөнүн жакшылыгын тилеп дуа кылабы,-дейт Чубак ажы Жалилов.

Пайгамбарыбызга (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жигит келип, жакырлыктан жаны кашайганын айтып жардам сурайт.

— Үйүңдө сатууга жарактуу бир нерсе барбы? – деп сурайт пайгамбарыбыз. Жерге салчу бир чадары менен көөкөрү бар экенин айтат тиги.

— Ошол экөөнү алып кел – дейт пайгамбарыбыз. Алып келгенден кийин сахабаларына кайрылып:

— Буларды ким сатып алат? – деп сурайт. Сахабалардан бирөө:

— Мен бир дирхемге алам, — дейт.

— Мен эки дирхемге алайын, — дейт дагы бири. Пайгамбарыбыз ошого сатып, эки дирхемди берки жигитке алып берет да:

— Бир дирхемге бала-чакаңа жегидей тамак ал, экинчисине балта, чот сатып алып кайра мага кел, — дейт. Келгенден кийин аны тоодон отун даярдап келип сатууга буйруйт. Ошентип жакырчылыктан башы чыкпай жүргөн жигит, бат эле ирденип, бутуна туруп, жашоосу оңолуп кетет. Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана мактоосу болсун) жалкоолукту, бекерчиликти жек көргөндүктөн:  “Тоодон отун алып келип сатып жан бакканыңар, ким берет, ким бербейт деп кор болуп сурамчылык кылгандан артык”, — деп көп айтчу. Азирети Умар (ага Алла ыраазы болсун) жаш жигиттерди көрүп калса, дароо эмне кесипти билесиң, кандай өнөрүң бар деп сурачу. Өнөрү жок адамдан жүзүн буруп кетчү. Негизи Ислам дини эмгекке, кесип, өнөр үйрөнүүгө үгүттөгөн дин. Куранда жыйырмадан ашуун аятта эмгектин зарылдыгы айтылат. Исламда алты саны аман кишинин “алма быш, оозума түш” деп жатуусу жат көрүнүш. Мусулман күн сайын өзгөрүп, күн сайын өнүгүп, алдыга умтулуусу кажет. Аалымдардын бири “Мусулмандын бүгүнү кечээсине окшош өтсө, ал турмушка уттуруптур” — дейт.