Жарыя! 2019-жылы Ажылык сапарына бара турган жарандарды каттоо тартиби биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы 2019-жылдагы ажылык иштерине даярдыктарды көрө баштады. Ажылык  иштерин электрондоштуруу максатында биометрикалык паспорт колдонуу замандын талабы болуп жаткандыгына байланыштуу 2019-жылдан тарта ажылык сапарына барууну каалаган жарандарга биометрикалык  паспорттун негизинде каттоо жүрө тургандыгын эскертип, биометрикалык  паспорт алууга чакырат .