Нарын казыяты Нарын районундагы айыл өкмөттөрү жана мектеп директорлору менен жолугушуу өткөрдү

Кечээ, 30-октябрда Нарын казыяты Нарын райондук хатибияты менен биргеликте Нарын райондук администрациясынын өкүлдөрүнө семинар уюштурду.

Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Акматалиевич, акимдин орун басары Роза Жумаева жана Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев жана башка айыл өкмөттөр жана айылдык мектеп директорлору катышкан бул семинар Нарын медресесинин студенттеринин чакан программасы менен коштолду. Анда медресенин окуучулары өз таланттарын көрсөтүшүп, көркөм окуп, манас айтышты. Келген конокторго Нарын казыяты тарабынан тартылган кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлүп, медресенин жана казыяттын жүргүзүп жаткан иштери тааныштырылды. Иш чаранын алкагында Эрик Молдокулов, Адеп Башаты коомдук фондунун Нарын облусундагы жетекчиси Максат Таласбаев, Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиевдер сөз сүйлөп, жалпы айыл өкмөттөрдү жана мектеп директорлорун жаш муунду тарбиялоодо биргеликте иш алып барып, көмөктөшүүгө чакырды.

Ар бир айыл өкмөт, мектеп директорлору элди, анын ичинен жаштарды адептүүлүккө, билимдүү болууга, ишкердик кылууга чакырган чакан семинарларды жок дегенде жылына эки-үч жолу өткөрүп турса жакшы болмок, – деди Нарын районунун акими Семетей Черикбаев.

Ал эми  Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Акматалиевич Нарын казыяты менен биргеликте мектептерди кыдырып, сабактарды өткөрүү жемиштүү болуп жатканын жана үстүбүздөгү окуу жылында дагы Нарын районунун мектерине барып, семинар уюштуруу ниетинде экенин билдирди.