Таластагы баш имам-хатибдер Манас районунун хатибиятынын ишмердүүлүгү менен таанышып, тажрыйба алмашты

Кечээ, 12-майда Манас районунун Покровка айылында Талас облусундагы район баш имам-хатибдери жыйналып, тажрыйба алмашуу максатында жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууга Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу катышып, ишти жакшыртуу максатында тажрыйба алмашуу, ошондой эле жакшылыкта да, жамандыкта да бирдиктүү иш алып баруу керектигин баса белгилеп өттү.

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев хатибияттын аткарып жаткан иштери жана документ иштери менен кенен тааныштырып, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Жыйындан кийин баш имам-хатибдер жума намазга мечиттерге барып, ысырапкерчилик жана ыксыз чыгымдарды азайтуу тууралуу баян айтышты.

Талас районунун баш имам-хатиби Ырайымберди Өмүралиев Бала-Саруу айылында;

Талас шаарынын баш имам-хатиби Кокумов Рысбек Арал айылында;

Бакай Ата районунун баш имам-хатиби Кызыл-Жылдыз айылында;

Айтматов районунун баш имам-хатиби Исламбек Куматаев Покровка айылында болду.