Манас районунда зордук-зомбулуктун алдын алуу жана салттуу ислам боюнча жыйын өткөрүлдү

Талас облусунун мусулмандар казыяты КР Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте Манас районундагы «Агартуу кербени» аталышында жыйыны кечээ, 12-майда Манас районунун Покровка айылындагы Маданият үйүндө болуп өттү.

Жыйынга Манас райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Замир Курманалиев, Талас облусунун мусуландарынын казысы Сулумбек ажы Усеналиев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын облустагы өкүлү Темирлан Нурадилов, казынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу, райондун баш имамы Миржалал ажы Дадабаев, райондордун баш имамдары, мекеме уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин төрагалары, депутаттары, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылар, мектеп директорлору жана мугалимдер, аксакалдар сотунун төрагалары, аялдар кеңешинин төрайымдары, укук коргоо органдары жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

Жыйында Талас облустун казысы Усеналиев Сулумбек ажы КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгына ылайык ысырапкерчиликтин алдын алуу жана жоюу боюнча баяндама жасады. Андан соң иш сапар менен келген коноктор үй-бүлө жана жаштар арасындагы зордук-зомбулуктун, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, салттуу ислам, эл арасындагы ынтымак тууралуу докладдарды окушту.