Жалал-Абад шаарында студенттерге жоолук салуу эрежелери боюнча маалымат берилди

Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад коллежинин жыйындар залында Жалал-Абад ОИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана Жалал-Абад ШИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча аймактык тескөөчүлөрү, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын окуу боюнча адиси Дилмурат ажы Орозов, аялдар менен иштөө адиси Гулсара Каримова менен биргеликте жоолук салуунун эрежелери, диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чарага Жалал-Абад шаарындагы окуу жайлардын мугалимдери жана студенттер катышты.

Милиция кызматкерлери студенттерге туура эмес диний агымдарга кошулуудан, интернет сайттарында такталбаган маалыматтарды таратуудан, мыйзамга каршы келген чакырыктарды бөлүшүүдөн алыс болууну эскертишти. Ал эми Гулсара Каримова жоолук салынуунун тартиптери бюнча маалымат берип, коомдогу аялдардын ролу боюнча лекция окуду.

Жолугушууда студенттер менен маектешүү орун алып, алардын кызыктырган суроолоруна жооптор берилди.