Кара-Сууда кайрымдуулук иш-чараларын жогорку деңгээлде уюштурган имамдарга Ардак грамота берилди

Ош облусунун Кара-Суу районундагы«Исмаил Ата» борбордук мечитинде  Азирети Муфтий Замир Кары Ракиевдин №80 буйругунда көрсөтүлгөн  кайрымдуулук иштерин аткарууга алуу максатында өз жамааты менен мыкты деңгээлде кайрымдуулук уюштурган имамдарга Ардак грамоталар берилди.

Саамалыкка Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров жана имамдар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев намаздарды өз убагында окуу, ханафи мазхабынын негизинде намаз амалдарын аткаруу, Президентибиздин “Улуттук нарк жөнүндө” жана ыксыз чыгымдардын алдын алуу жарлыктары боюнча сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду: 

«Ысырапкорчулукту токтотуп, максатсыз сарпталып жаткан каражаттын багытын муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайрымдуулук кылууга буралы. Бул нерсе шариятыбыз үндөп колдогон, адамдын инсандык сапаттарынан. Ислам дининде ыксыз чыгымга жол берүү, ашыкча ысырап кылуу туура эмес экени жалпыга маалым. Ыйык Куранда Аллах Таала:  «Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла» деп ысырапкерчиликтен кайтарган. Президентибиздин ысырапкерчиликти чектөө боюнча чыгарган №54 жарлыгын колдошубуз керек. Аталган жарлык диний эле эмес, социалдык, экономикалык жагынан да зор мааниге ээ. Анткени ислам-тынчтыктын, биримдиктин эле эмес тазалыктын, теңдиктин жана кайрымдуулуктун да дини».

Ал эми райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров: «Районубуздун имамдары өз жамааты менен биргеликте Азирети Муфтийдин №80 буйругун эң мыкты деңгээлде аткарышты.  Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) «Инсанга рахмат айтпаган киши Аллахга шүгүр келтире албайт» деп айткан. Ушул хадисти орундатып кайрымдуулукка чакырган жана кайрымдуулук кылган инсандарга терең ыраазычылык билдирем», – деди өз сөзүндө.

Иш-чара соңунда кайрымдуулукка жигердүү салым кошуп, элди берешендикке үндөгөн имамдарга Ардак грамоталар тапшырылды.

Аталган кайрымдуулуктун негизинде Кара-Суу району боюнча 2030 үй-бүлөгө 4 млн 225 миң сомдук кайрымдуулук жасалган. Ал эми имамдарга багыт берип, уюштурууда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы «Мыкты камкор – 2023» номинациясы менен сыйланды.