Баткенде жаш өспүрүмдөр радикализмдин кесепеттери жана билимдин зарылдыгы боюнча маалымат алышты

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов жана Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов райондогу «Сабыр Момунов» атындагы орто мектептин окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун алдында радикализм, экстремизм жана терроризмдин кесепеттери, салттуу ислам акыйкаты жана тарыхый жолу, ата-эне, мугалимдерди сыйлоо жана билим алуунун пазилеттери боюнча маалыматтар айтылды.

Баткен районунун баш имам-хатиби өз лекциясында ар кандай кооптуу секталарга кирип кетпөө үчүн салттуу исламды кармануу керектигине басым жасап, адеп-ахлак жана жүрүм-турумду оңдоо боюнча насаат айтты.