Жумгал жана Ак-Талаада “Диндер аралык диалогду жана толеранттуулукту илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү” аттуу коомдук диалог өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 10-11-май күндөрү Нарын облусуна караштуу Жумгал жана Ак-Талаа райондорунда 2023-жылдын Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте “Диндер аралык диалогду жана толеранттуулукту илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында ЕККУнун жана Социалдык технологиялар агенттигинин колдоосу менен коомдук диалог өткөрүлдү.

Коомдук диалогдор радикализм, экстремизм жана диний негизде келип чыккан ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталып, анын ичинде жашы жете электердин билим алуу укуктарын камсыздоо жана эрте турмушка чыгуунун алдын алууга багытталууда. Бул коомдук диалогдор мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, диний уюмдун өкүлдөрүнүн, билим берүү уюмдарынын, коомдук уюмдардын жана балдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, зордук-зомбулуктан жана басмырлоодон коргоо менен алектенген активисттердин катышуусу менен өткөрүлүүдө. Иш-чарага КРнын  ДИМКнын Нарын облусундагы өкүлү Бегимай Бектурова, райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, РИИБнин өздүк кызматкерлери жана Жумгал жана Ак-Талаа районун баш имам-хатибдери катышты.

Айта кетсек, бул иш-чара диний чөйрөдөгү Мамлекеттик саясаттын концепциясынын иш-чаралар планын аткаруу максатында жүрүүдө.