Токтогулдун баш имам-хатиби мектеп окуучулары менен жолугушуп, рэкетчиликтин кесепеттери боюнча баяндама жасады

Токтогул районунун Торкент айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылындагы Т. Жүндүбаев мектебинин окуучуларына райондун баш имам-хатиби Алипбай Борошбаев тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу иш аракеттери боюнча жыйын өттү. Анда негизинен мектептеги рекэтчиликке жол бербөө, ата-энени, мугалимдерди сыйлап-урматтоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү. Токтогул районунун баш имам-хатиби Алипбай Борошбаев бир топ пайдалуу жана таасирдүү баяндарды мисал келтирип, өспүрүмдөрдү жамандан алыс болууга чакырды.

Окуучулар менен болгон жолугушууга милициянын майору Алтынбек Канаев, милициянын лейтенанты Мирлан Чекилдеков, райондун баш имам-хатиби Алипбай Борошбаев, Т.Жундубаев атындагы орто мектебинин директору Түгөлбай Казакбаев баштаган мугалимдер жана мектеп окуучулары катышты.