Музаффар ажы Турдубаев: “Салт шариятка каршы келбейт”

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Ынтымак айыл өкмөтүнө барып, имамдарга жыйын өттү. Анда аймакттагы имамдарга бир катар тапшырмалар берилип, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектиги айтылды. 

“Жалпыбыз эл менен иштешкен дин кызматкерибиз. Андыктан калайык менен болгон мамилебизге көңүл буралы, аларга жумшак сүйлөп, сылыктык менен кайрылалы. Анткени мусулмандын сыпаты жана адеп-ахлагы ушундай. Кээ бир калк арасындагы ысырапкерчиликке окшогон туура эмес түшүнүктөрдү хикмат менен түшүндүрүп, туура нукка буралы. Албетте элибиздин салтына ислам шарияты каршы келбейт, болгону туура эмес түшүнүп алуунун натыйжасында пикир келишпестик пайда болууда”, – деди Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев.