Гульмира Темирбекова: “Жумада дин кызматкерлерин үч жүздөн эки миңге чейин адам угат”

Бүгүн, 10-май күнү Нарын облустук администрациясынын жыйындар залында облустук деңгээлде семинар өтүп, ага КР Президентинин НОЫУӨ аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Ажаркүл Абдыкадыровна, НОИИБнин кызметкери Самат Салаев баштаган укук коргоо кызматкерлери, Нарын облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Кумарбек Орозалиев жана казыят кызматкерлери катышты. Жыйында адам сатуу, эрте никеге туруу, зордук-зомбулуктун түрлөрү жана миграциянын оош-кыйыштары боюнча баяндамалар жасалып, талкуулар жүргүзүлдү.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн “Айкөл атуулдук демилгелерди өнүктүрүү борборунун коомдук бирикмеси” фондунун орун басары Гульмира Касеновна жогорку маселелер боюнча өз баяндамасын жасап, коомдогу дин кызматкерлеринин ролуна токтолуп, казыят аппаратына кайрылды:

“Урматтуу казыят кызматкерлери. Бул сыяктуу социалдык иштерде сиздердин эмгегиңиздер өтө чоң таасир этет. Биз канчалаган семинарларды өткөрбөйлү, болгону 20-30 адам гана катышат. Ал эми сиздерде жума намазда 300 дөн 2000 адамга чейин адам катышып сөзүңүздөрдү угат. Ошол себептен сиздерде мүмкүнчүлүк чоң”.

Гульмира Касеновна баяндамасынын соңунда Кумарбек Орозалиевге ичинде керектүү жана зарыл маалыматтар камтылган USB флешкаларын тапшырып, аны ар бир райондун баш имам-хатибдерине жеткирүүнү өтүндү.

Айта кетсек, саамалык “Айкөл атуулдук демилгелерди өнүктүрүү борборунун коомдук бирикмеси” коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп, суроо-жооп менен жыйынтыкталды.