Ноокат районунда эсептик каттоодон өткөн мечиттердин документтери имамдарга тапшырылды

Ош облусунун Ноокат районундагы эсептик каттоодон өтүп, күбөлүк алган мечиттердин документтери имамдарга тапшырылды. Иш-чарада райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев жаңыдан ишмердүүлүгүн баштаган мечит имамдарына куттуктоо сөзүн айтып, бир катар тапшырмаларды берди.

Оболу КР Президентинин ысырапкерчиликтин алдын алуу максатында чыгарган №54 жарлыгын ишке ашыруу, аны калк арасында жайылтуу жана өлкөбүздөгү дин тутуу эркиндигин туура пайдалануу, экстремизм, терроризмге жол бербөө боюнча тапшырма берген райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев: 

“Кудай Таала кереметтүү Куранда: “Эгер өзүңөрдө бар нематка шүгүр кылсаңар, арбытып, көбөйтүп берем” деп убада кылат. Андыктан эл астында, сап башында турган имамдар жалпыбыз колдогу дин эркиндигин туура пайданалы. Эгер бул нерсенин кадырлабасак, дин эркиндигинен кол жууп калуубуз деле мүмкүн. Жараткан мындай нерседен сактасын. Ошондуктан эркиндик деп аша чаап кетпестен, мыйзамда, шариятта көрсөтүлгөндөй иш алып баралы”, – деди өз сөзүндө.