Алайда Улуу Жеңиш майрамы салтанаттуу белгиленип, райондогу жалгыз ардагерге автоунаа белек кылынды

Кечээ, 9-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштун 78 жылдыгы Алай районунда салтанаттуу белгиленди. Гүлчө айылындагы Жеңиш аянтында өткөрүлгөн иш-чарага Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Каныбек Апбасов, Алай районунун баш имам-хатиби Тиллабай ажы Кадыров, согуштун жалгыз ардагери Суранбай Алиев, мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты. Катышуучулар эстеликке гүл чамбарларды коюп, маркумдарды эскерип, аларга багыштап Куран түшүрүштү.

Борборук стадиондо уланган иш-чарада Алай районунун жалгыз ардагерине дем-күч берүү максатында Алай райондук мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан 104 жаштагы Алиев Суранбай атага автоунаа белекке берилди.

Мааракенин аягында Тиллабай ажы Кадыров Мекендин тынчтыгын, бүтүндүгүн жана өнүп-өсүүсүн тилеп дуба кылды.