Ноокат районунда Жеңиш күнү белгиленди

Кечээ, 9-май күнү Ош Облусунун Ноокат районунда Ата Мекендик согуштун 78 жылдыгы белгиленди. Аталган майрамдык иш-чарага Ноокат районунун акиминин орун басары Нургүл Зульпуева, райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ардагерлер, тылда кызмат өтөгөн энелер, ардагерлердин жакындары жана район  тургундары катышып, баатырлардын эрдиги эскерилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев ардагерлердин эрдигин айтып төмөнкүлөргө токтолду:

«Мекенди сүйүү ыймандан» деп айтылат хадисте. Мекенди коргоо, динди коргоо жана намысты коргоо жолунда кайтыш болгондор Алла жолунда курман болгондор деп аталат. Алардын эрдигинин артында биздин эркиндигибиз турат. Жараткан Мекенди коргоп кайтыш болгон маркумдарды өз ырайымына алып, шейиттердин даражасын насип кылсын».

Иш-чара соңунда Куран окулуп, маркумдарга багышталып дуба кылынды.