Кара-Суу районунда Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 9-май күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 78 жылдыгы белгиленди. Майрамдык салтанатка Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Жакыпбек Субакожоев, райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишкана жетекчилери жана Ооган согушунун ардагерлери жана район  тургундары катышты.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилген иш-чарада Абдирашит ажы Батыров бабалардын рухуна багыштап Куран окуп, сообун маркумдарга арноо менен мамлекеттин тынчтыгын, элдин амандыгын сурап дуба кылды.