Өлкөнүн түштүк аймагындагы диний окуу жайлардын мугалимдерине багытталган акыйда боюнча семинар жыйынтыкталды

Ош шаарындагы “Умму Мухаммад” атындагы медреседе акыйда мугалимдеринин квалификациялык билимин жогорулатуу максатында башталган бир жумалык окуу семинары аяктады.  Аталган иш-чарага Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары жана Ош шаарындагы (ДОЖ) диний окуу жайларда акыйда предметинен сабак берген агай-эжейлер катышып, матуриди ишеними боюнча тереңдетилген квалификациялык билим алышты.

Жыйынтыктоочу иш-чарада Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев сөз сүйлөп төмөнкүлөргө токтолду:

Пайгамбарыбыздын (с.а.в) бир хадисинде риваят кылынат: “Исламды жандандыруу максатында илим талабында жүргөн кишиге ажал жетип өлүм келсе, Бейиште аны менен пайгамбарлардын ортосунда бир эле даража айырма болот”. Жараткан баарыбызды ушул хадисте айтылган илим талабындагылардан кылсын. Жалпыбызды өмүрүбүздүн акырына чейин илим изилдөөчүлөрдөн кылсын. Канча көп билим алсак, ал ошончолук аз экен. Билгенден билбегенибиз көп, андыктан ушул кыска күндө өткөрүлгөн семинардан жакшы пайдаларды алдык деп ойлом. Жалпы демилгечилерге жана уюштуруучуларга чоң ыраазычылык билдиребиз”.

Ал эми Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев семинарга келген устаздар жогорку деңгээлде катышкандыгын айтып, илимдин, мугалимдердин жана талабалардын даражалары тууралуу сөз сүйлөдү:

“Баарыбыз эле угуп, билип жүргөн хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в) “Ким илим жолуна түшсө, ал бейиш жолуна түшүптүр” деп айтат. Хадистен маалым болгондой, бул жерде олтургандардын баары илим жолуна түшкөндөр, демек бейиш жолундагылар. Урматтуу устаздар, жалпыңыздар окуу жайларда студенттерге сабак берген мугалимсиздер, алган илимиңиздерди бурмалабастан, бул жерде кандай айтылса ошондой кылып окуучуларга, карапайым калкка жеткириңиздер. Бирдиктүү ахли сүннөт ишениминде бекем болуу ар бирибиздин максатыбыз. Жараткан туура жолунан адаштырбасын”.

Аталган семинар мындан ары да уланарын белгилеген КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, «Бул семинар өлкө боюнча бир ишенимде болуп, башка туура эмес түшүнүктөргө бөгөт коюу максатында уюштурулду. Буюрса бүгүн биз ушул максатыбызга алда канча жакындадык деп ойлойм. Насип кылса мындан ары жалпы медреселерде бирдиктүү акыйда сабактары өтүлөт. Биз ушуну менен гана токтоп калбастан, келечекте башка чоң көлөмдөгү акыйда китептеринен семинарларды уюштурабыз. Ага да ушул эле мугалимдерди чакырып, дагы да акыйданы терең окуп үйрөнөбүз. Жараткан алган илимибизди пайдалуу кылып, ахли сүннөттөн адаштырбасын», – деди өз сөзүндө.

Эскерте кетсек, аталган семинар Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин №1-токтомунун жана Азирети Муфтийдин №219 буйругунун негизинде КМБДнын диний окуу жайлар жана диний билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду. Анда акыйда Тахавия китебине жазылган Абу Хафз Сиражидин ал-Газнавийдин «Шарх акыйдату ат-Тахавия» аттуу эмгеги баштан аяк окулуп, сабакка толук катышкандарга жогорку квалификациялык билим алгандыгын тастыктаган сертификаттар ыйгарылды.