Жоробай ажы Шергазыев Ноокатта болочок ажылар менен жолугушуп, ажылык ибадаты боюнча лекция окуду

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Даават, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев Ноокат районундагы болочок ажыларга ибадат боюнча тереңдетилген маалымат берди. Лекцияда ажылыктын фарздыгы, өкүм жана далилдери, андагы шарттар, талаптар, ажылык учурунда аткарууга болбогон учурлар боюнча баяндама жасады.

Бөлүм башчы өз лекциясында ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын ишмердүүлүгү, САПтын талаптары, ажылардын документациясындагы жагдайлар, ошондой эле ажы башчыларга жана УРШга баш ийүүнүн зарылдыгы боюнча айтып өттү.

Лекциясынын соңунда болочок ажылардын суроолоруна жооп берген Жоробай ажы Шергазыев ажыларга ак жол тилеп, эл-журт жана Мекен үчүн дуба кылды.