Ошто 2023-жылкы ажылык сапарына аттануучу болочок ажыларга сабактар өтүлүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районунан ажылык сапарына даярданган болочок ажыларга сабактар өтүлүүдө. Сабакты Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер бөлүмүнүн адиси Абдималик ажы Турсунбеков өтүп, анда “Ибадат сапарынын адептери” жана “Ажылыктын түрлөрү, тартиптери жана ажылык амалдарын аткаруу учурунда тыюу салынган иштер” аттуу темаларда баяндама жасады.
Ош облусунун Кара-Суу районунан ажылыкка аттанган болочок ажылар катышкан сабактын алкагында Абдумалик ажы Турсунбеков төмөнкүлөргө токтолду:
«Ажылык – бул Исламдын негизги беш түркүгүнүн бири. Ал бардык колунда бар мусулмага милдет. А ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк тапкан ар бир мусулман билүүсү керек болгон амалдар бар. Буйрулган ар бир амалдын паздары, важибдери, сүннөттөрү жана адептери болгондой эле, ажылыктын да өзүнчө шарттары, ошондой эле аны бузуучу жана ичинде макүрөө амалдар да бар. Кудай буюрса, мунун ар бирине токтолуп, кенен баяндап өтөбүз. Эгер ким бул амалды талаптагыдай аткарып, тыюу салынган амалдардан узак болсо, анын ажылыгынын кабыл болуусунда үмүт чоң».