Жоробай ажы Шергазыев: «Ажыга баруучунун ниети калыс Жараткан үчүн болууга тийиш»

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Даават, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Баткен шаары жана Баткен районунан ыйык Мекке шаарына ажылык милдетин аткарууга жөнөп жаткан мекендештерге ажылык боюнча лекция окуду.

Проектор пайдаланылган лекция Баткен шаарындагы борбордук “Нумани” атындагы мечитте өтүп, анда зыярат кылуудагы адеп-ахлак маселелери, ажыга барган адам билүүсү шарт болгон талаптар, ажылыктын өкүмү жана шарттары туурасында кеңири маалыматтар айтылды. Ошондой эле Жоробай ажы Шергазыев ажыга баруучу адамдын ниети калыс Жараткан үчүн болушу маанилүү экендигин баса белгиледи.

Ал эми уюштуруучулар ар бир ажыга баруучу ушундай баалуу жана зарыл сабактарга катышып, андан соң ажылык сапарга барышса, амалдарды толугуурак аткарууларына өбөлгө болорун айтышты.

Жоробай ажы Шергазыев иш сапарынын алкагында Баткен облусунун мусулмандарынын казыятын зыярат кылып, казыят кызматкерлери жана ажы башчылар менен жолугушуп, ажыларга кызмат кылуу сооптуу амалдардан экендигин айтуу менен аларды жоопкерчиликтүү болууга чакырды.