Чүй облусунун казысы Сокулуктагы «Имам Жазарий» Куран жаттоо медресесин зыярат кылды

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн Жаңы-Пахта айылындагы «Имам Жазарий» Куран жаттоо медресесин зыярат кылды. Облус казысы зыяратынын алкагында медресенин абалы менен таанышып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Сиздер Жаратуучунун эң ыйык болгон Куранын келечек муунга таратып жатасыздар. Эл үчүн, дин үчүн ак кызмат кылуучу жаштарды даярдап чыгаруудасыздар. Аллах Таала кылган эмгегиңиздерди кабыл кылып, ишиңиздерге ийгилик берсин».

Өз кезегинде медресенин мүдүрү Кудаяр кары Авазов медресенин имараты жана Куран жаттоодогу Пайгамбарыбыз Мухаммаддан (с.а.в.) келе жаткан алтын санжыра менен тааныштырды.