Ошто КМДБнын окуу жайлар жана диний билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган семинар уланууда

Матуриди акыйдасын терең окутуу максатында Кыргызстандын түштүк аймагындагы диний окуу жайлардын мугалимдерине багытталган семинар уюштурулуп, Ош облусундагы ДОЖдордун окутуучулары катышып жатат. 

Семинарда Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев акыйданын бүгүнкү күндөгү орду чоң экендигине токтолуп өттү:

«Бул жерде медреседе сабак берген устаздар отурасыздар, бул кадырман элибиздин “Билгенден, билбегенибиз көп” деген сөзүн ачыктап турат. Анткени канча көп билсек да, ал аз. Баарыңыздарга маалым болгондой акыркы учурларда туура эмес акыйдавий маселелер көбөйүп, айрым көзгө көрүнөр кишилер да туура эмес сөздөрдү айтып, элди башка нукка буруп жүргөндүгүн көрүп жатабыз. Биз бул нерселердин алдын алуубуз керек. Ал эми бирдиктүү акыйда маселесин үйрөнүүбүздөн максат, элди ынтымакка үндөө, калкты бөлүнүп жарылуусун болтурбоо. Анткени бардыгы бир ишенимде болсо бөлүнүп жарылуу болбойт.  Кудайым буюрса бул семинар жалпыбызга пайдалуу болот деп ишенем».

Өлкөбүздө башталган бул семинарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келерин жана бул саамалыкты колдоорун айтып, аталган семинар бүгүнкү күндүн талабы экендигине токтолгон КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Түштүк аймактык бөлүм башчысы Исакбай Мурзабеков төмөнкүлөрдү айтып өттү:

“5-май – КР Башмыйзамы кабыл алынган күн, тагыраагы бизге дин тутуу эркиндигин берген мыйзам кабыл алынган күн. Баарыңыздарды бүгүнкү жума жана 5-май кош майрам менен куттуктайм. Эң оболу ушундай жакшы матурдилик багытында семинарды уюштурган дин башкармалыкка ыраазычылык билдиребиз. Анткени салттуу ислам деп малекет колдогон багыт ушул ханафилик жана матрудилик. Ал эми элдин ортосуна бөлөк салып, калктын багытын ар тарапка буруп жаткан топтор мына ушул акыйда матуридия маселелерин билбегендиктен. Анткени алар амал менен ишенимди бөлүп карап такфирчиликти пайда кылууда. Бул семинар ушуга окшогон нерселерди тазалоо максатында уюштурулуп жатат. Бүгүнкү семинардын ишине ийгиликтерди каалайм”.

Эскерте кетсек, аталган семинар 6 күнгө уланып, окууну толук бүткөндөргө матуридилик акыйдасын окутууда толук билимге ээ болгондугун тастыктаган КМДБнын сертификаты ыйгарылат.