Лейлек районунун баш имам-хатиби эл менен жолугуп, дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү

Бүгүн, 5-апрель күнү Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов, Лейлек райондук хатибиятынын катчысы Бахтияр Рахматиллаев, Бешкент айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Хурсанбай Турсунбеков Бешкент айылындагы «Бешкент Тагоб» мечитине иш сапары менен барып, айыл тургундарын зыярат кылды. Жергиликтүү жамаат менен жолугушууда аталган мечитте Лейлек районунун имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов аткезчиликтин кесепеттери, шарияттагы өкүмдөрү, момун-мусулман адамдын дайыма адалдан ырыскы табуусу, жума күнүнүн баалуулуктары, жума намазын жалпы айыл ичи биригип бир мечитте окуусунун пазилеттери, тартиптери, ажы жана умра амалдарын Аллахтын ыраазычылыгы үчүн гана аткаруу, ажылык, умра сапарларынан келгенден кийин чыгымдар менен той-маарекелерди өткөрбөө, жаназа намазын жана никени атайын дайындалган айылдын борбордук мечитинин имамынын гана окуусу, имамдарга, эл башчыларга баш ийүүнүн диндеги өкүмдөрү боюнча жума баянын өтүп, катышкан жарандардын суроолоруна жооп берди.

Жума намазынын алдынан жергиликтүү элдин өтүнүчү менен жамгыр дубасы тиленди.

Жума намазынан кийин Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов элге диний агартуу, диний-шарияттык амалдардын туура аткарылышы жаатында талыкпай кызмат кылып келе жаткан Бешкент айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Хурсанбай Турсунбеков, «Бешкент Тагоб» мечитинин имамы Хасылхожа Якубов, Кичик-Булак мечитинин имамы Үмматали Мехмонов, «Актам» мечитинин имамы Дамирбек Сулайманов, «Шахнур» мечитинин имамы Таалай Жумабаев, «Эхсон» мечитинин имамы Йигитали Нематов, «Ихлос» мечитинин имамы Ибрахимжан Атабаев, «Сай» мечитинин имамы Акрамжан Ахмадалиев жана «Шоро» мечитинин имамы Темир Исламов менен өзүнчө жолугушуп, чогулуш уюштурду. Чогулушта Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан, Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынан келген маалымат, буйруктарды жергиликтүү элге туура түшүндүрүп, толук жеткирүүгө аракет кылып, талаптарын толугу менен аткаруу керектигин түшүндүрүп, аталган маселелерди кеңешип, имамдардын ар кандай көйгөйлөрүн угуп, жергиликтүү имамдардын түрдүү суроолоруна жооп берип, элге кененирээк убак бөлүү маселесин талкуулоо менен бирге эл-жерге дуба кылып чогулушту аяктады.