Лейлек району жана Сүлүктү шаарында ажылык сапарга баруучулар үчүн сабак уюштурулду

Кечээ, 5-күнү Лейлек районунун Раззаков шаарындагы “Нур” мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва жана диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров Баткен облусунун Лейлек районунан жана Сүлүктү шаарынан ажылык сапарына аттана турган жарандар менен жолугушуп, ажылыктын шарияттагы орду, ажылык сапарды туура аткаруу, ажы башчыларга баш ийүү, сабырдуулук жана эл ичиндеги биримдик, бири-бирин сыйлоо, бири-бирине кызмат кылуу боюнча сабак өтүп, 2023-жылкы ажылык сапарына аттанган сабакка катышкан жарандардын суроолоруна жооп берди.

Болочок ажылар менен болгон жолугушууда Султанали ажы Гапуров ажылык сапар учурунда Сауд Араб Падышачылыгынын мыйзамдарына баш ийип, САПтын ажылык министрлигинин талаптарын толугу менен аткаруу керектигин түшүндүрдү.

Аталган жыйынга Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Сайдакмад ажы Аппазов, Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов, Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары Абдухашим Ормонов, Лейлек райондук хатибиятынын катчысы Бахтияр Рахматиллаев жана ажы башчылар катышты.