Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы болочок ажыларга сабак өттү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы «Исмаил-Аль Бухарий» жума мечитинде облустагы ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк алган болочок ажыларга сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө ажылыктын фарз, ваажиб, сүннөттөрү, ажылыкта өзүн алып жүрүү маданияты, адеп-ахлак боюнча кеңири түшүндүрдү. 

“Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) айткан: “Кимде-ким ажылыкта бирөө менен жаңжалдашпастан (талашып-тартышпастан), жаман иш кылбастан ажылык кылса, ал жаңы төрөлгөн наристе сыяктуу күнөөдөн тазаланып кайтат”. Пайгамбарыбыз дагы бир хадисинде, “Мабрур болгон хаж – анын сыйлыгы бейиш” деп айткан. Ошондуктан урматтуу ажыга баруучулар, Аллах буйруган фарзыңыздарды жакшы, толук аткарамын десеңиздер, үстүңүздөрдөгү убактылуу республикалык штабга, ажы башчыңыздарга моюн сунуп, баш ийиңиздер. Кудайым буйруса, шарияттын негизинде пайгамбарыбыз көрсөткөндөй ажылыкты аткарып, жогорудагы хадистерде айтылгандай, кабыл болгон хаж амалын аткарып келесиздер. Андан сырткары, ажы башчылар да ар бири өз тобун жакшы алып жүрүшү керек. Ар бир киши сиздерге аманат экенин унутпаңыздар”, – деп баса белгиледи облус казысы Жээнебков.

Сабактын аягында облус казысы Нематуулла ажы бардык ажыга баруучуларга ийгиликтерди каалап дуба кылды.

Эскерте кетсек, быйыл Жалал-Абад облусунан 966 жаран ажыга барышы күтүлүүдө.