Баткен казыяты студенттерге, муктаждарга жана майыптарга 632 миң сомдук битир-садага таратты

Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан Баткен облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын студенттерине, жетим-жесирлерге жана колунда жок үй-бүлөлөргө 2023-жылы чогулган битир-садаганын эсебинен жалпысынан 632 миң сомдук акчалай жардам таратылды.

Битир-садага Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан кабыл алынган тартипте муктаждарга таратылып, алардын жүздөрүнө жылмаюу жана майрамдык маанай тартууланды.

Казыят тарабынан берилген акчалай жардамды облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров өз колу менен Баткен шаарынын жашоочуларына тапшырды.

Айта кетсек, кайрымдуулук катары жалпы 860 муктаж адамга жардам берилди. Облус казысы кайрымдуулук жардамдарын тапшырып жатып муктаждарга ден-соолук, амандык тилеп, мындан ары да казыят тарабынан жардамдар көрсөтүлүп турарын баса белгиледи.