Өлкөнүн түштүк аймагындагы ДОЖдордун акыйда мугалимдеринин матуридия боюнча билимин жогорулатуу семинары башталды

Бүгүн, 5-май күнү, Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинде диний окуу жайлардагы акыйда предметинен сабак берген устаз жана устазалардын матуриди акыйдасынын негизинде квалификациялык билимин жогорулатуу максатында 6 күндүк семинар башталды. Ага Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары жана Ош шаарындагы диний окуу жайларда сабак берген мугалимдер катышууда. Окуу семинарынын жүрүшүндө матуриди акыйдасы багытында жазылган Имам ат-Тахавийдин эмгегине таандык Акыйдату-Тахавия китебинин негизиндеги Абу Хафз Сиражидин аль-Газнавийдин калемине таандык “Шарху Акыйда-ту Тахавия” китебинен сабак өтүлөт. 

Семинардын башында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин саламын жеткирип сөз баштаган Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев төмөнкүлөргө токтолду: 

«Баарыңыздарга маалым болгондой, мурунтан эле акыйдага байланышкан көйгөйлөр көп болгон. Ошол учурда, ошол доорлордо имам Матуриди, имам Ашари жана аларга окшогон аалымдар чыгып, ахли сүннөт акыйдасын коргоп, аны менен эле токтоп калбастан, аны элге жайлытып бекемдешкен. Алардын эмгектеринин натыйжасында Мутазила сыяктуу агымдардын аты калып, заты жок болуп кетти. Бүгүн да биздин башыбызга ошондой сыноо келип турат. Биздин ата-бабаларыбыз карманып келген ахли сүннөт акыйдабызга түрдүү тараптан чабуулдар болуп жатат. Эгер биз ушул нерселерге кайдыгер мамиле жасасак, келечекте өзүбүздүн урпактан «маркумдарга Куран окуган болбойт» дегендер чыгып калышы мүмкүн. Бүгүн биздин бактыбызда даярдап, жол кылып кеткен имамдарыбыздын ахли сүннөт акыйдасын өзүбүздөн кийинкилерге жеткирип берүү милдет болуп турат». 

Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Кенжетай ажы Курманкожоев семинардын ишине ийгилик каалаоо менен бирге сабак өтүүгө келеген Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүн тааныштырып, сабактын киришүүсүн баштады. 

Семинардын төрагасы КИУнун проректору Абдуваси ажы Матраимов.

Сабак өтүүчүлөр: Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, КИУ окутуучусу Эмильбек ажы Андартегин; 

КИУ мугалими Мирзат ажы Барпыбеков; 

«Расул Акрам» институтунун мугалими Белек ажы Турдалиев.

Аталган саамалык Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин №1 токтомунун негизинде, КМДБнын (ДОЖ) диний окуу жайлар жана диний билим берүү бөлүмү тарабынан Матуриди акыйдасы боюнча терең окутуу максатында өткөрүлүп жаткандыгын айткан Равшан ажы Эратов семинардын өзгөчөлүктөрүнө токтолду: 

 «Матуридилик акыйдасы боюнча 6 күнгө созулган атайын окутуу семинарын баштап жатабыз. Бул иш-чаранын максаты өлкө боюнча бардык медреселерде бирдей акыйда китептери окулуп, ар түрдүү талаш-тартыштарга жол бербөө. Бул окутуу алгач борбор калаабыз Бишкекте өткөрүлүп, ага Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарындагы диний окуу жайларынын мугалимдери катышып, матуридилик боюнча квалификациялык билимин жогорулатып, КМДБнын атайын сертификатын алышты. Кудай буюрса, 72 сааттан турган семинарга толук катышкандарга сертификат берилет. Сертификат алган мугалимдер окуган китеби боюнча медреселерде акыйда сабагын беришет. Акыйда сабагы боюнча дасыккан адистерди даярдоо максатында башталган бул семинарлар улантыла бермекчи».