Баткенде 3 кабаттуу медресенин курулушу башталды

Баткен облусунун Баткен районундагы Чек айылында жаңы медресенин курулушуна капсула салынды. Саамалыкка Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаев, имамдар жана медресе кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү тургандар катышып, медресе ыймандын, адеп-ахлактын жана туура диний баалуулуктарды жеткирүүнүн борбору болуусуна тилектештигин билдиришти.

Медресе жеке ишкер Камбаралы Кочкоров тарабынан каржыланып, 80 орунга ыйлакташтырылып бардык шарттары, жатаканасы менен бүткөрүлүп пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. Диний окуу жай салуу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан атайын жер маселеси чечилип берилип, документ иштери бүткөрүлгөн.

Курулуш иштери бүткөрүлүп пайдаланууга берилсе, бул медресеге район аймагындагы бардык жарандар келип, диний билим алууга болору айтылды. Медресенин башталып жатканына жергиликтүү тургундар кубануу менен ыраазылыктарын айтышып, ак баталарын беришти.