Ош облусунда жооптуу имамдарга жыйын болуп өттү

Ош облустук казыятында жалпы облус аймагындагы жооптуу имамдарга жыйын болуп өттү. Анда башчыга баш ийүү, расмий идаара тараптан чыккан буйруктарды жана фатваларды так жана толук аткаруу боюнча тапшырмалар берилди. 

Аны менен катар КР Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 жарлыгын ишке ашыруу алкагында жигердүү иш алып баруу керектиги айтылды.   

Эскерте кетсек, Ош облустук мусулмандар казыяты облус аймагындагы жалпы жооптуу имамдарга жыйын уюштуруу пландалып, түзүлгөн графиктин негизинде жыйындар өткөрүлүүдө.