“Апиза эне” ислам институтунун устаздар курамы күчтөнүүдө

Кара-Суу районундагы “Апиза эне” ислам институтунун устаздар курамы араб устаз менен, тактап айтканда, Каир шаарынан келген Ахмад Шита Мансур Али менен толукталды.

Ректор Абдирашит ажы Батыров: “Институттун устаздар курамын жана кадрдык сапатын жакшыртуу максатында тиешелүү органдар менен макулдашып, Муфтияттын жана Ош облустук казыяттын колдоосу менен атайы араб улутундагы устаз менен толуктадык. Студенттер араб тилин терең үйрөнүүгө, түшүнүүгө, араб тилинде араб менен маек курууга, лингивистикалык диалог кылууга шарттар түзүлдү. Институттун, студенттердин келечегине оң таасирин тийгизет деген ойдомун. Учурдан пайдаланып Азирети Муфтий Замир кары Ракиевге, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиевге, КИУнун жетекчилигине, колдогондорго ыраазычылык билдирем”, – деген пикирин билдирди. Мындан тышкары, Ахмад Шита Мансур Алиге да атайы убактын бөлүп, алыскы жерден келип сабак берип жаткандыгы үчүн ыраазычылык айтты.

Ахмад Шита Мансур Алини Каир шаарындагы «Азхари шариф» университети Кыргызстанга кызмат кылуу үчүн жөнөткөн. Кыргызстанга келгенине эки жылдын жүзү болгон. Эмгек жолун алгач Кыргызстан Ислам университетинде араб тилинен сабак берип баштаган. Сырттан окуу бөлүмүндө да жаштарга тил үйрөтүп сабак берген. Араб тилин үйрөтүү усулу боюнча магистрлик даражага ээ. Курандан Хафсан Аьасым кырааты боюнча ижазат алган.

Учурда Кара-Суу районундагы “Апиза эне” ислам инситутунда араб тили жана Курандан сабак берүүдө.