Базар-Коргондо имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган семинар болуп өттү

Базар-Коргон районунда «Ак-Тайлак Ата» мечитинде имамдарга багытталган үй-бүлө, талак маселелери, диний кызматкердин адеп-ахлагы боюнча семинар-сабак болуп өттү. Семинарды Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков ачып, окууга келген жалпы имамдарга диний кызматтарында жоопкерчиликтүү, бекем болууга, муфтияттан, казыяттан келген буйруктарды өз убагында так аткарууга чакырды.

Семинарда Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Алибек ажы Батыралиев үй-бүлө, талак, адеп-ахлак боюнча лекция окуду. Саамалыкка Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Абдулазиз кары Закиров, орун басары Ашим ажы Абидинов, баш имам-хатибдин жардамчысы Сүйүнбек Даткаев жана тогуз айыл өкмөттүн жооптуу имамдары, ошондой эле жүздөн ашуун имамдар катышты. Семинар-сабактын жүрүшүндө Алибек ажы имамдарга нике жана талак, илимдин пазилеттери, имамдардын милдеттери, адал ырыскы, туура соода кылуу жөнүндө маалымат берди. Батыралиев имамдар динге чын дилден кызмат кылып, элге ислам дининин баалуулуктарын, акыйкатын жеткизип, ханафий мазхабын бекем кармоосу керектигин баса белгилеп айтып кетти.

«Сабактын аягында имамдар кызыккан суроолорун берип, аларга жооп алып, семинар өз максатына жетти», – деди Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Абдулазиз ажы Закиров.