Ош облусунда мечиттерди эсептик каттоо жыйынтыкталды

Ош облустук казыяты облус аймагындагы эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди каттоо процессин толук бүткөрүп, Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят аппараты каттоого даярдалган акыркы мечиттердин документтерин КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнө тапшырышты. 

Ош облустук казыяты 2022-жылы 86 мечит, ал эми 2023-жылдын май айына чейин 40 мечитти эсептик каттоодон өткөрүп, күбөлүктөрүн алган. 

Учурда калган 20 мечиттин документтери толукталып, КР ДИМКга тапшырылды. 

КР ДИМКнын кызматкерлери тарабынан Ош облусунда жаңыдан курулуп жаткан 14 мечиттин документтерин да өз мезгилинде бүтүрүп, каттоого даярдай берүү зарылдыгы белгиленди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын, КР Президентинин «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө», «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө», «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыктарын аткаруу боюнча тыгыз кызматташуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү маселелери талкууланды.

Облус казысы каттоо иштеринде жакындан жардам көрсөткөн КР Дин иштери боюнча мамлекеттик камиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирди.