КИУда Зиябидин кары Атабаевдин жаркын элесине арналган студенттер аралык Куран жарышы өттү

Бүгүн, 2-май күнү Кыргызстан Ислам университетинин студенттери арасында айтылуу кыргыз карысы, булбул үндүү Зиябидин кары Атабаевдин жаркын элесине арналган Куран жарышы уюштурулду. Конкурстун ачылыш аземине катышкан Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев бардык катышуучуларга ийгилик каалап, бир тууган агасы Зиябидин кары жөнүндө эскерди.

«Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» деген жакшы сөз бар. Бүгүн университет жетекчилиги абдан сонун иш-чара уюштуруптур. Ааламда Куран иш-чарасынан да мыкты саамалык жок болсо керек. Агабыз Зиябидин кары эч кимге жамандыгы жок, ичи-сырты, турган-турпаты Куранга төп келген сонун адам эле. Ал киши дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин ойлонуп, экөөбүз сүйлөшкөн сөздөрдү эстеп көрсөм, 90 пайыз Куран боюнча аңгемелешиппиз. Агабыз кайда барса да, кайда болсо да Куран жөнүндө кеп кылчу».

Иш-чаранын уюштуруучусу, КИУ проректору Бакыт ажы Низов Зиябидин карынын окуу жайга зор эмгек өтөгөнүн, окуу жай гана эмес өлкөгө кызмат кылганын, шакирт өстүргөнүн, дүйнөлүк деңгээлдеги Куран жарыштарда Кыргызстандын атынан катышып, баш байгени жеңген учурларын сөз кылды.

Проректор өз сөзүндө университетке эмгек сиңирген устаздардын жаркын элесине багыштап иш-чараларды өткөрүү демилгеси бар экенин айтты. Анын алкагында жакынкы күндөрү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган предметтик олимпиадаларды өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

Куран жарышы 1 пара, 3 пара жана 10 пара боюнча өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, эртең, 3-май күнү Зиябидин кары Атабаевдин жаркын элесине арналган Куран жарышы студент кыздар арасында өткөрүлмөкчү.