Араван районунда мечиттердин эсепттик каттоо иштери аяктады

Бүгүн, 2-май күнү Ош облусунун Араван районунда эсептик каттоодон өтпөгөн мечиттердин документтери толугу менен бүткөрүлдү. Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков каттоо учурунда жакындан жардам көрсөтүп, кеңештерин аябагандыгы үчүн бир канча мекеме ишканалардын жетекчилерине ыраазычылык баракчаларды тапшырылды.

Атай кетсек, Араван райондук администрациясынын жетекчиси аким Сейтек  Кулубаевге, шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Данияр Сидиковго, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын директору Талантбек Амановго жана айыл өкмөт башчыларына ыраазычылык каттары тапшырып, мындан ары да жакындан кызматташууга чакырды.