Музаффар ажы Турдубаев: “Ата-эне тарбия, мугалим билим берет”

Бүгүн, 2-май күнү Ош облусунун Ноокат районундагы “Режеп Хожамов” атындагы орто мектепте ата-энелерге багытталган жыйын болуп өттү. Ага Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев катышып, “Экстремизм, терроризм алдын алуу, жаштар арасында суициддин алдын алуу жана ысрапкерчиликке барбоо” боюнча баяндама жасап, аталган иштердин күнөөлөрү жана кесепеттерине токтолуп, мугалимдерге жана ата-энелерге кенен түшүндүрдү.

“Ата-энелер тарбиянын башаты сиздерден башталат. “Куш уядан эмнени көрсө учканда ошону алат” деп данышман элибиз бекеринен айткан эмес. Жаштай кезинен эле адам өмүрү аманат деген түшүнүктөрдү киргизүүбүз керек. Ошондо гана журтубузда өз өмүрүн кыюу жана бирөөнүн ден-соолугуна зыян жеткирүү деген нерселер болбойт. Мектеп балага билимди үйрөтөт, ал эми негизги тарбияны ата-эне берет”, – деди райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев.