Ажыларды коштоп баруучу дарыгерлерге жыйын уюштурулуп, зыяраттын шарттары боюнча маалымат берилди

Бүгүн, 2-май күнү КМДБнын жыйындар залында 2023-жылкы ажыларды коштоп баруучу дарыгерлерге жыйын өткөрүлдү. Жыйында ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын (УРШ) төрагасы, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев ажылык сапарындагы талаптар жана ибадаттын шарттары боюнча маалымат берди.   

«Алла Таала өзү сүйгөн пенделерин ажылыкка чакырат. Миңдеген ак халатчан дарыгерлердин ичинен сиздердин бара жатканыңыздар кокустук эмес. Жараткан жар болуп, ажыларыбыздын саламаттыгы чың, ден соолугу бекем болуп, кыйынчылыкка кириптер болбой, аман-эсен барып келүүнү буюрсун. Ал жакта бейтаптар менен эмес, ажылык ибадаты менен алек болушту жалпыңыздарга насип этсин», – деди УРШ төрагасы өз сөзүндө.

Ал эми КМДБнын ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев ажылык сапары учурунда аткарыла турган иштер, ыкчам чаралар боюнча маалымат берди.

Эскерте кетсек, ажыларга кызмат кылуучу 20 врач саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген.