Султанали ажы Гапуров Кызыл-Кыя шаарынан ажылык сапарга аттануучу жарандарга сабак өттү

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва жана  диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы ажы Султанали ажы Гапуров Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан ажылык сапарына аттана турган жарандар менен жеринде жолугушуп, ажылыктын шарияттагы орду, ажылык сапарды туура аткаруу, сабырдуулук жана эл ичиндеги биримдик боюнча сабак өттү.

Болочок ажылар менен болгон жолугушууда Султанали ажы Гапуров ажылык сапар учурунда Сауд Араб Падышачылыгынын мыйзамдарына баш ийип, САПтын ажылык министрлигинин талаптарын толугу менен аткаруу керектигин түшүндүрдү.

Аталган жыйынга Азирети Муфтийдин кеңешчиси Мукадас ажы Кожониязов, Баткен казыятынын ажылык иштери боюнча жоопту адиси Мурзабай Бердикулов, Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Ниймат ажы Топчиев жана ажы башчылар катышты.