Сулумбек ажы Узеналиев: «Имам – жол көрсөткөн инсан»

Талас облусунун Манас районунда дин кызматкерлеринин жыйыны уюштурулду. Жыйынга Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев баштаган казыят кызматкерлери, Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев катышты.

Иш-чара Покровка айылынын борбордук мечитинде болуп, алгач Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы район аймагында 3 ай аралыгында аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Облус казысы имамдарга ыраазычылык билдирип, «Имамдын эл арасында өзгөчө орду бар. Ар бир адам эле имам боло албайт. Имам деген сөз «жол башчы» дегенди туюнтат. Демек имам – алдыда жүргөн, жол көрсөткөн инсан. Урматтуу имамдар, баарыбыз билгендей, коомдо адаттан тыш, элге жат көрүнүштөр кездешип калып жатат. Бири-бирине зордук-зомбулук жана өзгөчө жаштар арасында таалим-тарбия жаатынан аксап жатабыз. Андыктан жер-жерлерде эл арасында түшүндүрүү иштерин жакшыртышыбыз керек», – деди облус казысы.