Нарында имамдар арасында футбол жана аркан тартыш оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү

Нарында облус казысы Эрик Молдокуловдун демилгеси менен имамдар арасында «Ынтымак» оюну болуп  өттү. Ынтымак оюнуна Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын району жана Нарын казыяты болуп, жалпы 6 команда катышты. Алгачкы кичи футбол жарышында командалар 2 тайпага бөлүнүп күч сынашты. 3-орун үчүн Жумгал командасы менен Ат-Башы командасы бет келип, 7:4 эсебинде Жумгал командасы 3-орунду камсыздаса, финалдык оюнга Нарын казыяты менен Ак-Талаа району беттешип, 6:4 эсеби менен Нарын казыяты 1-орунду камсыз кылды.

Андан соң келген командалар арасында аркан тартыш оюну жүргүзүлдү. Аркан тартыш оюнунда Ак-Талаа району менен Жумгал району финалга чыгып, Ак-Талаа району биринчиликти илип кетти.

Оюндардын жеңүүчүлөрүнө жана мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга Нарын облустук казыятынын грамоталары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Спорттук саамалык соңунда облус казысы Эрик Молдокулов катышкан имамдарга ыраазычылык сөзүн айтып, иштерине ийгилик кааалап, казыяттын өтмө кубогун Ак-Талаа районуна тапшырды.