Асан ажы Сыргабаев Жалал-Абадда болочок ажыларга сабак өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин тапшырмасына ылайык, өлкө боюнча ыйык ажылык сапарына аттануучу жарандарга сабактар өтүлүүдө. Анын алкагында Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунан ажыга баруучуларга тереңдетилген маалыматтар берилди.

Болочок ажыларга сабак өткөн Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Асан ажы Сыргабаев ажылыктын өкүмү, шарттары жана талаптары боюнча кеңири маалымат берип, суроолорго жооп берди.

Ал эми Мухаммад ажы Аноркулов ажылыктын хикмат жана пазилеттери боюнча баяндама жасап, ажылык жөн гана сапар эместигин, анын исламдын негизги түркүктөрүнөн экендигин белгилеп, ыйык сапардын баа-баркын сезүүгө чакырды.